Автору:    Юрий Федоров
Которгон:    Капаров Н.
Кириш сөз
Дүйнө жүзүндөгү компьютерлердин 85%-де Windows операциондук системалары орнотулган. Ошондуктан, бул изилдөө Windows операциондук системаларына карата жасалган. Келечекте автор кеңири белгилүү, акысыз таркатылуучу жана ачык стандарт болгон Linux операциондук системаларын анализдөөнү максат кылып койгон. Windows-тун альтернативасы болгон Linux операциондук системасынын колдонуучуларынын саны 5%-тин тегерегин түзөт.

Кандайдыр бир тилди операциондук системасынын деңгээлинде колдоо төмөнкү талаптардын аткарылышын талап кылат:

1.  Операциондук система бул тилдин бардык символдорун камтыган
     кодировканы колдошу.

2.  Операциондук система бул символдорду көргөзүүнү камыз кылган
      шрифттерди колдошу.

3.  Ошол тилдин символдорун жазууну камсыз кылуу.

4.  Тилдин кодировкасы жана шрифттери менен туура иштей ала турган
     программалардын болушу.

Мындан ары анализ жогоруда келтирилген талаптар боюнча жүргүзүлөт. жогоруга
Кодировка
Азыркы учурда Windows жана Linux операциондук системалары колдогон бир гана UNICODE стандартту кодировкасы кыргыз тилинин бардык символдорун камтыйт [http://www.unicode.org]. Бул кодировкада кыргыз тилинин өзгөчө символдору кириллица символдорунун тобуна киргизилген. Алар төмөнкү таблицада келтирилген:

Символдун аты 16-лык Код 10-дук Код Символ
Cyrillic Capital Letter En with Descender 04A2 1186 Ң
Cyrillic Small Letter En with Descender 04A3 1187 ң
Cyrillic Capital Letter Straight U 04AE 1198 Ү
Cyrillic Small Letter Straight U 04AF 1199 ү
Cyrillic Capital Letter Barred O 04E8 1256 Ө
Cyrillic Small Letter Barred O 04E9 1257 ө

жогоруга
Шрифттер
True Type шрифтти Windows жана Linux операциондук системалары колдогон эң кеңири таралган жана сыпатту шрифт болуп эсептелинет. 2.82 версиясынан баштап ал шрифт кыргыз тилинин символдорун камтый баштаган. Бул шрифттер Windows операциондук системаларына Windows XP версиясынан баштап киргизилген. Андан мурун чыгарылган версияларына бул шрифттерди өзүнчө бөлөк орнотуу керек. Азыркы убакта Microsoft бул шрифттерди өзүнүн сайтынын [http://www.microsoft.com/truetype/fontpack/] көчүрүүгө тыюу салган. Ошондуктан эң кеңири белгилүү болгон шрифттерге ссылкалар келтирилген:
жогоруга
Жазууну камсыз кылуу
Бул мүмкүнчүлүк клавиатуранын кыргызча которулушун камтыган Windows XP -ден баштап пайда болду. Клавиатуранын бул которулушу кириллицага окшош жана клавишалардын үч жаңы айкалышы менен толукталган:

Ctrl+Alt+У - Cyrillic Letter Straight U тамгасын жазуу үчүн.

Ctrl+Alt+Н - Cyrillic Letter En with Descender тамгасын жазуу үчүн.

Ctrl+Alt+У - Cyrillic Letter Barred O тамгасын жазуу үчүн.

WordPad жана Microsoft Word программалары кыргыз тилин толук колдонууну камсыз кыла алышпайт. Аларда Straight U тамгасынын ордуна Euro белгиси жазылат. Ошондуктан, клавиатурадан жазуу да, On-Screen Keyboard менен жазуу да кыргызча тексттерди толук жазуунун мүмкүнчүлүгүн бере албайт. Азыркы учурда бул символдорду жазуу Notepad редакторунун же Character Map утилитасын колдонуу аркылуу мүмкүн. Бул проблема жөнүндө автор Windows XP-ни колдоо кызматына билдирген: [http://www.microsoft.com/windowsxp/expertzone/newsgroups/reader.mspx?dg=microsoft.public.windowsxp. accessibility&tid=686832f8-21b3-4a1e-a29d-7d64cddc43b3&p=1&shell=/windowsxp/expertzone/newsgroups/configuration.xml]; жогоруга
Программалык камсыздоо
Windows XP-нин стандартына киргизилген Notepad жана WordPad программалары кыргыз тексттери менен иштөөнү камсыз кылышат. Системалык Lucida Console шрифтти кыргыз тилинин символдорун камтыгандыктан, Notepad кыргыз тексттери менен иштөө мүмкүнчүлүгүн кошумча өзгөртүүсүз камсыз кыла алат.
Жыйынтык
Жыйынтыктап айтканда, азыркы учурда кыргыз тексттери менен иштөө үчүн эң жөнөкөй жолду Windows XP операциондук системасы камсыз кылат. Бирок, анда да, текст редакторлорунда каталыктардын болушунан, кыргызча тексттерди жазуу кыйынчылыктарды жаратат.
Колдонулган адабият
1.   "Тенденции на рынке операционных систем в мире и в России" Александр Прохоров, Компьютер Пресс 9'2001 [http://www.compress.ru/article.asp?id=2483]. жогоруга

Prime-Task АКШ-да Prime-Task Кыргызстанда "Ачык технологиялар" Коомдук Фонду
KyrLin проекти, Prime-Task Inc жана "Ачык технологиялар" Коомдук Фондусунун жардамында ишке ашырылууда