|
Юрий Федоров
Проекттин түзүүчүсү, Маалымат Технологиялары боюнча
дипломдун ээси, 6 жылдан ашык IT секторунда иштейт. 1999 жылдан тартып Java менен иш
жүргүзөт, ошондой эле J2EE платформасына web тиркемелерин түзөт.
Азыркы учурда e-bisness-ке карата ар түрдүү проекттердин архитектуралык
маселелери менен иш жүргүзүп жатат.
Brainbench, Master Java, Internet Professional Web Developer Client-side,
Internet Professional Web Developer Server-side жана башка көптөгөн
сертификаттардын ээси.
|
|
Капаров Нурканат
KLinux проектисинин Web дизайнери жана документтерин түзүүчүсү.
KLinux сайтын түзүү жана колдоо, проекттин документтерин кыргыз тилине которуу,
сайттын Интернеттеги маркетинги боюнча иш жүргүзөт.
2001-жылдан тартып Кыргыз - Россия (Славян) Университетинин Маалымат жана Эсептөө
технологиялар кафедрасында инженер-программист кесиби боюнча окуп жатат. Негизги программалоо тилдери:
C++, Delphi, Visual Basic, HTML, OpenGL жана CSS технологиялары.
|
|
|