Автору:    Юрий Федоров
Которгон:    Капаров Н.
Азыркы учурда Windows XP жана Mandrake 10.0 операциондук системалары гана кыргыз консолунда иштөөнү камсыз кыла алышат. Бирок аларда да кыргызча тексттер менен иштөө кыйынчылыктарды жаратат. Мисалы Windows XP-деги (5.1 build 2600) WordPad кыргыз Ү тамгасынын чоң жана кичине символун клавиатура аркылуу жазууну камсыз кыла албайт (алардын ордуна € белгиси жазылат), Microsoft Word 2002 болсо Ң жана Ү кичине тамгаларын жазууну камсыз кыла албайт. Mandrake 10.0-дун колдонуучуларынын саны болсо Кыргызстанда азыр өтө аз.
Бул статьяда кыргыз консолунун Windows 95, Windows 98, Windows NT 4, Windows Me, Windows 2000, Windows XP, Linux RedHat, Linux Mandrake жана башка Java виртуалдуу машинасы колдоочу бардык операциондук системаларында (бардык операциондук системалардын тизмесин Sun корпорациясынын сайтында карап көрсөңүз болот http://java.sun.com) иштөөсүн камсыз кылуучу ыкма сунушталган.
jEdit редактору
Ылайыкташтырууга негизги курал болуп jEdit редактору тандалып алынды. jEdit редактору эркин таркатылуучу продукт болуп саналат. 5 жыл ичинде ал open source коомунда кеңири белгилүү болуп калды. Редактордун акыркы версиясын ар убакта анын официалдуу сайтынан көчүрүп алууга болот: http://www.jedit.org/. Редактордун иштөөсүн камсыз кылуу үчүн колдонуучунун компьютеринде Java виртуалдуу машинесин орнотуу керек. Аны да Sun корпорациясынын Java-га арналган официалдуу сайтынан көчүрүп алсаңыз болот: http://java.sun.com/. жогоруга
Орнотуу
Виртуалдуу машина
Биринчи кезекте Java виртуалдуу машинесин орнотуу керек. Азыркы учурда эң жакшысы JRE 1.4.2 эсептелинет. Windows үчүн акыркы версиясын бул жерден көчүрүп алсаңыз болот.
jEdit редактору
Андан кийин jEdit редакторун орнотууга болот. 4.1 версиясы учурдагы акыркы туруктуу жана колдонууга сунушталгандардын эң жакшысы болуп эсептелинет. Орнотуучу пакетти бул жерден көчүрүп алууга болот. Көчүрүп бүтүп, редакторду орнотуу процедурасын аткаруу керек:
java –jar jedit41install.jar.
Кыргыз тилин колдоо пакети
Пакетти бул жерден көчүрүп алсаңыз болот. Пакетти калыбына келтирип, bin директориясындагы install.bat скриптин аткаруу керек. жогоруга
Жыйынтык
Мындан ары сиз кыргыз тексттери менен иштей аласыз, кыргыз тилиндеги сайттарды жасай бересиз, ошондой эле кореспонденсияңыз менен алмаша аласыз (jEdit редакторунда текстти жазып, андан кийин буферге көчүрүп Outlook же башка почталык клиенттер аркылуу). Эсиңизден чыгарбаңыз, кыргыз тексттерин туура көргөзүү үчүн кодировка UTF-8 болуш керек (браузерде да, почталык клиентте да).
PDF түрүндөгү версиясы
Бул статьянын PDF түрүндөгү версиясын бул жерден көчүрүп алсаңыз болот. жогоруга

Prime-Task АКШ-да Prime-Task Кыргызстанда "Ачык технологиялар" Коомдук Фонду
KyrLin проекти, Prime-Task Inc жана "Ачык технологиялар" Коомдук Фондусунун жардамында ишке ашырылууда